Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, деп билдирди бүгүн, 27-июлда, брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
• Чүй облусунда – 3
• Ош ш. – 1
• Ош облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 7
• Баткен облусунда – 4
• Нарын облусунда – 1
Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2683 учур катталды, алардын ичинен 1478 медкызматкер айыкты.