Борбор калаада оорулуулар азайгандыгына байланыштуу убактылуу ачылган күндүзгү жана түнкү эки стационар жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сейтек мектебинин базасында ачылган күндүзгү стационар жана Октябрь районундагы «Салтанат» ресторанында ачылган түнкү стационар оорулуулар азайгандыгына байланыштуу жабылды. «Жал» кичи районундагы №95 мектептеги стационар бүгүн, 3-августта жабылат.
Учурда Бишкек шаарында эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеген 12 күндүзгү стационар, ал эми шаар боюнча 2 түнкү стационар калды.