Бүгүн, 3-августта «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек багыты боюнча каттамы менен Беларусь Республикасынан Кыргыз Республикасынын 137 жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Чартердик рейс Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европа өлкөлөрүнөн КР жарандарын кайтаруу максатында Европа өлкөлөрүндөгү КР чет элдик мекемелери менен биргеликте Кыргызстандын Украинадагы элчилиги тарабынан түзүлгөн.
Бул каттам менен Кыргызстандын жарандары учуп келди, алардын ичинде Украинадан, Беларустан, Австриядан, Улуу Британиядан, Германиядан, Литвадан, Италиядан, Польшадан, Швециядан, Финляндиядан студенттер бар. Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европа өлкөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын чет элдик мекемелерине буга чейин берилген арыздар боюнча калыптанган.
Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.