COVID-19 илдетинен сутка ичинде төрт адам каза тапты

Автор -

COVID-19 илдетинен сутка ичинде төрт адам каза тапты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, акыркы айда биринчи жолу Бишкек шаарында бул  илдеттен адам өлүмү катталган жок.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облустарында бирден адам каза тапкан.

Март айынан бери коронавирус 1451 кыргызстандыктын өмүрүн алып кетти.