Сингапурда COVID-19га каршы Lunar-Cov19 аталышындагы вакцинаны клиникалык сыноо иштери башталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, экспериментке 21ден 55 жашка чейин 100 адам катышат. Биринчи баскыч октябрь айынын аягына чейин улантылмакчы.
Lunar-Cov19 вакцинасынын өзгөчөлүгү вирустун генетикалык материалы гана бар. Адамдын организмине киргенде бул элементтер клеткадан SARS-CoV-2 каршы коргоо белогун пайда кылат.
Сингапурда 55 миң 353 адам коронавирус илдетине кабылса, алардын жыйырма жетиси каза болгон.