Элмирбек Иманалиевдин кызынын үлпөт тою өткөн тойканага айып салынды

Автор -
524

Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызынын үлпөт тою болуп өткөн «Сары Челек» тойканасынынын администрациясы айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медербек Амангелдиев билдирди, деп жазат Super.kg.

«Негизи той, куран окутуу сыяктуу чогулууларга тыюу салынган. Тойду 10-20 адамдын катышуусунда да өткөрүүгө болбойт. Ал эми аталган «Сары Челек» тойканасына той өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын «бузуулар» жөнүндө кодексинин 293-беренесине ылайык (Чечимди же ыйгарым укуктуу органдын талабын аткаруу тартибин бузуу) 3 миң сом айып пул салынды», — деп билдирди Амангелдиев.