АКШ өкмөтү Кыргызстанга АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу COVID-19 менен күрөшүүгө кошумча 190 млн сом (2,5 млн доллар) бөлүп берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.
Каражат өкмөттүн COVID-19дун жаңы учурларын аныктоо жана калкты бул вирус жөнүндө маалымдоо боюнча аракетин күчөтүүгө багытталат. Керек болгон учурларда илдет менен күрөшүү үчүн кошумча медициналык каражаттарды сатып алууга да жумшалат.
USAID март айында өлкөдөгү медициналык кызматкерлерге өздүк коргонуу каражаттарын өткөрүп берген. Андан тышкары, пандемияга каршы алгачкы аракеттерди колдоого 95 млн сом (1,23 млн доллар) бөлгөн.
COVID-19 илдети жайыла баштагандан бери АКШ өкмөтү дүйнө боюнча бул илдет менен күрөшүүгө 1,5 млрд доллар бөлдү.
АКШ 1992-жылдан бери Кыргызстанга 2,1 млрд доллар бөлүп берген. Анын ичинде 132 млн доллары саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга багытталган.