Алдыдагы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Автор -
214

18-19-августта өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Маалым болгондой, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 18-19-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.