Айыккандан жуктурганы көп. Сутка ичинде 14 медкызматкер коронавируска чалдыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 3
• Чүй облусунда – 1
• Ош ш. – 1
• Баткен облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 3

Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медициналык кызматкер, үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3059 учур катталды, алардын ичинен 2372 медкызматкер айыгып чыкты.