Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 218 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Алар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек – 107;
- Ош шаары – 17;
- Чүй облусу – 7;
- Ош облусу – 25;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 20;
- Жалал-Абад облусу – 21;
- Баткен облусу – 19.
Жалпы март айынан бери өлкөдө 36 миң 615 адам бул илдеттен айыгып чыкты.