Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Улукбек Кочкоров парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен аттанганын билдирген. Ал партиялык тизмеде экинчи орунду ээлейт.