БШК: «Кыргызстан» партиясы кабылган жагдай кайра каралат

Автор -
223

Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерине байланыштуу пикир келишпестиктерди эске алуу менен 25-август күнү саат 14:00дө Жумушчу топтун кеңейтилген жыйналышын өткөрөт. Ага партиялардын, коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрү катышат.

БШКдан маалымдашкандай, кечээ, 24-августта 17 партия каттоого документтерин өткөрдү. Учурда берилген документтер Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ тарабынан изилденип жатат. 

«Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу»,  — деп айтылат БШК тараткан маалыматта. 

Документ тапшырган саясий партиялар: 

1.  «Актив»,
2. «Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы»,
3.   «Мекен Ынтымагы»,
4.   «Ата-Мекен» социалисттик партиясы,
5.   «Мекенчил»,
6.   «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы»,
7.   «Ыйман Нуру»,
8.   «Замандаш»,
9.   «Чоң Казат»,
10.  «Реформа»,
11.  «Республика»,
12.   «Бүтүн Кыргызстан»,
13.   «Социал-демократтар»,
14.   «Биримдик» демократиялык партиясы,
15.   «Мекеним Кыргызстан»,
16.   «Ордо»,
17.   «Кыргызстан».