Жарандарга коронавирустун белгилерин аныктоо жана дарылануу боюнча телефондон акысыз кеңеш берген 118 кызматы 1-сентябрдан тарта ишин токтотот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган кызмат Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күчөгөн маалда бардык аймактарда күнү-түнү элге кеп-кеңеш берип турган. Колл-борбордо клиникалык ординаторлор, ыктыярчылар иштеп, өлкө боюнча 179 707 чалууну кабыл алышкан. Анын ичинен июль айында эле 108 054 чалуу түшүп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен.
Ал эми Бишкекте июлда 42 421 чалууга жооп беришсе, августта 18 776 кайрылуу болгон.118 кызматы эл аралык уюмдун долбоору болгондуктан 1-сентябрдан тарта каржылоо токтотула турганы кабарланды. Учурда Бишкек мэриясы колл-борбордун ишин андан ары улантуу же улантпоо боюнча маселени карап жатат.