Кыргыз-өзбек чек арасы ачылды. Жарандарга коюлган талаптар

Автор -

2-сентябрдан баштап Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Эми 2 мамлекеттин жарандары өз аймактарына чектөөсүз кире алышат, бирок төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруусу зарыл:

  • акыркы 14 күн аралыгында Кыргызстандын аймагында болгон же акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирустун жыйынтыгы таза чыккан ПЦР-тест тууралуу маалымкаты бар адамдар Өзбекстанга киргенде карантиндик көзөмөлгө алынышпайт.
  • Өлкө аймагына кирип келе жаткан Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өткөрүү жайларында термометриядан жана анкета толтуруу менен жүргүзүлгөн сурамжылоодон өтүшөт;
  • Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан жана Кыргызстандын аймагында гана болуп келген Өзбекстандын жарандары республикага кайтып келерде карантиндик көзөмөлгө алынышпайт.
  • башка учурлардын бардыгында Кыргызстанга жана Өзбекстанга кирип жаткан адамдар бул өлкөлөрдө бекитилген тартипке ылайык карантиндик көзөмөлгө алынышат.

Кыргыз-өзбек жарандары «Достук-автожол», «Кызыл-Кыя-автожол», «Кадамжай-автожол», «Маданият-автожол» жана «Баймак-автожол» өткөрмө пункттары аркылуу өтүшөт.

Транспорт каражаттары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин «Кадамжай-автожол», «Достук-автожол», жана «Кызыл-Кыя-автожол» көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кесип өтө алышат.

1-сентябрдан баштап Өзбекстан эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмегине кирген.