Ысык-Атада жаран унаасы менен өз уулун тебелетип алды

Автор -

Ысык-Ата районунда жаран унаасын артка айдайм деп, эки жашар уулун тебелетип алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти, деп жазат Kaktus.media.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 14-августунда райондук милицияга айылдардын биринде болуп өткөн кырсык тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине баргандар 1992-жылкы К.И. аттуу жаран үйүнүн короосунан менчик «Форд Транзит» унаасын айдап чыгып жатып, 2018-жылы туулган К.А. аттуу баласын сүзүп алганын такташкан. Бала алган жаракаттарынан жеринде каза тапкан.

Бул факт «Жол кыймылынын коопсуздугун жана автомото каражаттарын колдонуу эрежелерин бузуу» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталган. Соттук -автотехникалык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш токтотулду.