Кечээ, 3-сентябрда Түштүк Кореянын түштүк жана чыгыш жээктерин «Майсак» катуу тайфуну каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, саатына 140 чакырым ылдамдыкка жеткен шамал бактарды жана жол чырактарды оодарып кеткен. Нөшөрлөп жааган жаандан улам жолдорду суу каптап, кесепетинен 270 миңден ашуун үй жарыксыз калган.
Кийинчерээк алсыраган тайфун өлкөнүн чыгыш тарабын каптап, суу ташкындарын пайда кылган.
Өз кезегинде Япониянын жээк коопсуздугу өлкөнүн түштүк жээгинде кырсык болгонун биринчи билдирген кемени издеп жаткандыгын кабарлады. Кемеде экипаждын 42 мүчөсү жана 5800 баш бодо мал болгон.
Ошондой эле жергиликтүү метеорологиялык кызматтар аймакка «Майсактан» күчтүү дагы жаңы тайфун жакындап келе жатканын эскертишүүдө.
Буга чейин Түштүк Кореяда жүздөгөн авиа каттамдар токтотулган.
Майсак тайфуну акыркы жылдардагы аймактагы эң кубаттуу тайфун болуп эсептелет. Буга чейин Түштүк Кореяда 2003-жылы болгон Маэми тайфунунун күчү 131 адамдын өмүрүн алып, 3 миллиард доллар зыян келтирген деп болжол менен эсептелген.