Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 178 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Алар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек – 88;
- Ош шаары – 3;
- Чүй облусу – 13;
- Ош облусу – 15;
- Нарын облусу – 2;
- Талас облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 14;
- Жалал-Абад облусу – 12;
- Баткен облусу – 26.
Бардыгы болуп коронавирустук инфекциядан өлкөдо 40 миң 336 адам сакайып чыкты.






























