Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти

Автор -

Бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунун ар кайсы аймактарында, коронавирус инфекциясы жайылган учурда оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аларды облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, өмүр сакчыларына ак жол каалады.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы «Рахат» эс алуу пансионатында 7 күн акысыз эс алышат. Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Алардын барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган.