УКМКнын пара менен кармалган кызматкери жумуштан алынды

Автор -

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) пара талап кылууга шектелип кармалган кызматкери (Н.у.С.) жумуштан бошотулду. Мындай чечим УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы жүргүзгөн ички иликтөөдөн кийин кабыл алынганын мекемеден билдиришти.

Ал 4-сентябрда 1000 доллар пара алып жатканда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) менен УКМКнын ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Шектүү адам Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында колго түшүп, камакка алынган.

УКМК мурдагы кызматкеринин толук аты-жөнүн жана ал кайсы иш боюнча пара талап кылганын жазган жок. Ишти Финансы полициясы иликтеп жатат. Андан тышкары бул фактыны Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Финполициянын жетекчилери көзөмөлгө алганы айтылды.