Коронавирустан каза тапкан 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү

Автор -

Коронавирустан каза тапкан 21 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Коомдук саламаттык сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон жана 21 үй-бүлөгө ар бирине 1 миллион сомдон төлөнгөн.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, эпидемиялык очокто кызмат учурунда турган COVID-19 оорусун жуктурган медицина кызматкерлери жана инфекциянын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3163 учур катталды, алардын ичинен 2657 медкызматкер айыгып чыкты.