Бүгүн, 15-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеде билим берүү системин өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги, аны санариптештирүү боюнча чаралар талкууланды.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков эпидемиологиялык кырдаал турукташса, октябрь айынан тартып мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, мектептерди бюджеттик каражатка куруу иштери токтоп калган жок. 1-сентябрга карата 14 мектеп пайдаланууга берилди. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин авариялык абалдагы 21 мектептин оңдоп-түзөө иштери аяктап, алар дагы иштеп башташат. Мындан сырткары, дагы 13 мектеп ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет, жылдын аягына чейин коррупцияга каршы күрөштөн топтолгон Бирдиктүү депозиттик эсептеги каражаттан каржыланып жаткан 15 мектептин үчөө курулуп бүтөт.
Муну менен катар өлкөнүн бардык мектептерин интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Эгерде өткөн жылы 1 485 (1-4-класстар) мектеп ысык тамак менен камсыздалган болсо, быйыл ага дагы 150 кошулду. Бардыгы болуп бүгүнкү күндө 1 635 мектеп же 71 пайызы ысык тамак менен камсыз болушту. 2022-жылга чейин аны 100 пайызга чейин чыгаруу пландалууда. Айрым алыскы аймактардагы мектептерди толук ысык тамак менен камсыздоо үчүн таза суу талап кылынарын жана калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорлорунун ишке кириши менен мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо маселеси дагы чечилерин Каныбек Исаков баса белгиледи.
Президент жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.