Кыргызстандык жаран Дубайда жетекчисин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, 21 жаштагы кыргыз жараны өнөр жай кварталындагы гараждардын биринде иштеген. Жайдын башында ал Мекенине кайтууну көздөп, кетчү күнүн менеджерге кабарлаган. Менеджер ал күнгө макул болбой, экөөнүн ортосунда уруш чыккан.
Кыргызстандык жаранды жумуштан алып, иш ордун бошотууну өтүнүшкөн. Шектүүнүн айтымында, ал кесиптештеринин баары кетишин күтүп туруп, кийин эшикти бекитип, жетекчисин мууздап, бетин балка менен жанчып салган.
Аны Дубайдагы Кыргызстан консулдугунун жанынан кармашкан. Кыргызстандыкка атайылап киши өлтүрүү айыбы тагылууда.