Милиция Ысык-Атадагы мушташ тууралуу түшүндүрмө берди

Автор -

Чүй ОИИББи Ысык-Ата районунун Жээк айылында массалык мушташ болгонун төгүндөдү. Алардын маалыматына караганда, жаңжал ичимдик ичкендер ортосунда түшүнбөстүктөн чыккан.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда саат 22:20 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 32 жаштагы Э.У. аттуу жаран бычактан жаракат алып аймактык ооруканага кайрылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, окуянын себептерин аныкташкан.

«20-сентябрда Ысык-Ата районунун 26 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну уулунун туулган күнүнө байланыштуу көчөдө кошунасы менен спирт ичимдигин ичип, ортодо өз ара түшүнбөстүктөр чыккан. Үй ээси менен кошунасынын урушу жаңжалга чейин жеткен. Чыр мас абалындагы түшүнбөстүктөн улам келип чыккан. Эч кандай массалык мушташ болгон эмес.

Бул окуянын натыйжасында үй ээсинин 13 жаштагы Э.К. аттуу уулу ашкана бычагы менен 32 жаштагы Э.У. жана 26 жаштагы К.Р. аттуу жарандарды сайып салган. Алардын бири ооруканага жеткирилген, экинчиси амбулатордук шартта дарыланууда. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, иликтөө иштери жүрүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, белгисиз адамдар бир нече унаанын айнектерин сындырганы белгилүү болду. Бул факт дагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын кошумчалашты мекемеден.