Тогуз-Тородо курал-жарактарды мал сарайда мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Автор -
212

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда мыйзамсыз курал-жарактар алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-сентябрь күнү Тогуз-Торо РИИБинин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлерине ошол райондун тургуну мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана пайдаланып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде топтолгон материал 22-сентябрь күнү Тогуз-Торо РИИБинде факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Натыйжада Тогуз-Торо районунун 30 жаштагы тургуну, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген К.М. аттуу жаран ок атуучу куралдарды өзүнүн үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайында сактап жаткандыгы аныкталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча толук жана ар тараптуу текшерип, туура юридикалык баа берүү максатында, аталган дарекке тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада К.М.дин мал сарайынан мыйзамсыз түрдө сакталган төрт даана ок атуучу куралдар 1 сайлуу, 3 сайсыз жана беш даана калибрдеги ок-дарылар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.