Сутка ичинде коронавирустун 175 жаңы учуру катталды

Автор -

Кыргызстанда 25-сентябрга карата COVID-19 илдетинен каза тапкандар болгон жок, бирок илдет 175 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Жаңы учурлар төмөнкү аймактардан:

— Бишкекте — 18;
— Ош – 22;
— Чүй облусу – 5;
— Ош облусу — 50;
— Талас облусу — 7;
— Нарын облусу – 3;
— Ысык-Көл облусу – 7;
— Жалал-Абад облусу – 22;
— Баткен облусу — 41 учур.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 45 миң 932ге жетти. Ооруканаларда 643 бейтап дарыланып жатат. Үй шартындагы дарыланууда 1641 бейтап бар.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 142 адам:

— Бишкек – 51;
— Ош шаары – 5;
— Чүй облусу – 12;
— Ош облусу – 23;
— Талас облусу – 6;
— Нарын облусу – 1;
— Ысык-Көл облусу – 22;
— Жалал-Абад облусу – 10;
— Баткен облусу – 12.

Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 42 миң 147.

25-сентябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1063 адамды түздү.