Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
— Бишкек — 8;
— Ош — 4;
— Ош облусунда — 5;
— Жалал-Абад облусунда — 2;
— Баткен облусунда — 9.
Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан, 6 медкызматкер үй шартындагы дарылануудан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3294 учур катталды, алардын ичинен 3029 медкызматкер айыгып чыкты.