Нарындагы Кара-Кече көмүр филиалы боюнча интернетке тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Интернетке 6-октябрь саат 15:00 чамасында Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалын белгисиз адамдар басып алгандыгы, кассадан акча каражаттарын алып, акча төлөбөстөн көмүр ташып кетип жатышкандыктары тууралуу маалымат чыккан. Бул иш кримавторитет Мурат Кадыркулов (каймана аты Саяк) тарабынан уюштурулганы айтылган. Аталган факты Жумгал РИИБинин тарабынан каттоого алынып, учурда ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал жерден эч кандай талап-тоноочулук катталбагандыгы аныкталган.
«Бүгүнкү күндө «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында саясий кырдаал тынч, кызматкерлер күндөгүдөй эле көмүр чыгарышып, толук кандуу иш жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.