Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелери бүгүнтөн тарта ишин жандантат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, калкты тейлөө борборлору, «Унаа» мамлекеттик ишканасы, «Кыргыз почтасы», «Архив» 12-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт.
Мамкаттоонун кызмат көрсөтүүлөрү боюнча кызыктырган суроолор менен 119 сall-борборуна саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылса болот.
Белгилей кетсек, аталган мекемелер 7-октябрь күнү Кыргызстандагы башаламандыктардан улам ишин токтоткон болчу.