БШК Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүүдөн баш тартты

Автор -

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаевге мандаты кайтарылып берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда БШКда анын арызы каралып жаткан учурда белгилүү болду.

БШК депутаттыкка бош орун жок болгондуктан мандатты кайтарып бербөө чечимин кабыл алган.

Арыз ээси анын кылмыш иши боюнча соттордун бардык чечимдерин Жогорку Сот жокко чыгаргандыгын белгилеп, материалдар жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кароого жөнөтүлгөндүгүн билдирди. Башкача айтканда, Өмүрбек Текебаев азыр соттолгон деген статуска ээ эмес. Ал соттун чечими чыкканга чейин депутат боло алат.

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү бош мандат түзүлгөнгө чейин ачык бойдон калат.

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери мандатынан 2017-жылы ажыраган. Анын ордуна Жогорку Кеңешке Искендер Гайпкулов депутат болуп келген.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Бардык инстанциялардын соттору аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.
2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүп, 29-августта алар үй камагына бошотулган.