Соңку сутка ичинде COVID-19 илдетинен жана пневмониядан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын бири Ош облусунда, бири Бишкекте дарыланып аткан.
Март айынан бери Кыргызстанда бул илдеттен 1 092 адам каза тапты. Оору жалпы 49 871 адамга жукту. Алардын ичинен 44 712 адам айыгып чыкты. Учурда 1776 бейтап стационарда, 1833 бейтап үйдө дарыланууда.