Токмокто адам өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Автор -
231

Чүйдүн Токмок шаарында оор кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын март айында аталган шаарда 32 жаштагы жаран денесине келтирилген оор жаракаттардан улам каза тапкан. Бул факт боюнча «денеге оор залал келтирүү» беренеси менен иш ачылган. Кылмышка шектүү катары К.Т. жана М.А. аттуу жарандар изделип жаткан.

Милиция шектүү М.А.ны ошол эле күнү кармаган. Ал эми экинчи шектүү издөөгө алынган.

27 жаштагы К.Т. 6-октябрь күнү кармалып, ал буга чейин да соттолуп чыкканы белгилүү болду. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.