2014-жылдын аягына карата Өзбекстандын карызы 889,3 млн долларды түзгөн. Бирок өзбек бийликтери $43,1 млн карызын гана моюнуна алган.

Карызды кечүү жарлыгына Орусия президенти Владимир Путин кол койду. Макулдашууга ылайык, Өзбекстан Орусияга $25 млн которот. Ошону менен эки өлкөнүн бири-бирине карызы жок болот деп Slon жазып чыкты.

2014-жылы Маскөө менен Ташкент макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, эки тарап ССРБдин (СССР) таркашына байланыштуу дооматтарынан жана карыздык талаштарынан баш тартышмак.