Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинен билдиришти.
7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул жылы бул эскерүү күндөрү ишемби жана жекшембиге туш келгендиктен, эс алуу күндөрү дүйшөмбү (9-ноябрь) жана шейшембиге (10-ноябрь) которулат.
Мындан улам жумасына 5 жумушчу күн графиги менен иштеген кыргызстандыктар катары менен төрт күн эс алышат — 7, 8, 9 жана 10-ноябрда.
6 күн иштеген кыргызстандыктар 7,8 жана 10-ноябрда эс алышат, 9-ноябрь алар үчүн иш күн.