Милициянын кайгуул кызматы кошунасын тапанча менен коркуткан жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-октябрь күнү болжол менен саат 00:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Бишкек тургуну жардам сурап кайрылган. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда, 44 жаштагы Г.Э. аттуу аял арыз менен кайрылган.
Анын айтымында, ошол түнү болжол менен саат 00:30 чамасында 39 жаштагы В.А. аттуу жаран аялды травматикалык тапанча менен өлтүрөм деп коркуткан.
Жазылган арыздын негизинде ыкчам кармоо иш-аракетин уюштуруп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалган. Шектүү Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.