Асрандиев Жапаров тууралуу: Абийири күмөн жараткан адам менен иштеше албайм

Автор -

5-октябрдагы башаламандыктардан кийин азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаровдун командасында иштөөдөн баш тарткан экс-вице-премьер-министр Эркин Асрандиев анын себебин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анда Асрандиев 2013-жылы «Ысык-Көл Инвест банктын» консерватору болуп иштегенин, ошол учурда банктын «Азия универсалбанк», «Манас банк» менен чогуу мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөнү тууралуу документтерди көргөнүн билдирген:

«Менимче бул операциялар Максим Бакиев жана анын айланасындагы адамдар менен байланыштуу болчу. Бул операциялар Райкүл Жапарованын жетекчилиги менен жүргөн. Банк анын колунда болчу. Менин оюмча, бул тууралуу анын бир тууганы Садыр Жапаров билген. Жапаров анда Курманбек Бакиевдин кеңешчиси жана коррупциянын алдын алуу агенттигинин башчысы эле. Мен абийири күмөн жараткан адамдын жетекчилиги алдында иштей албайм», — деп жазган Эркин Асрандиев.

Экс-вице-премьер-министр билдирүүсүнүн саясий мазмуну жоктугун, өз пикирин гана жарыялаганын айткан.

Май айынын этегинде Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Интерпол аркылуу Польшада кармалган. Райкүл Жапарова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл Инвест банкты» рейдерлик жол менен тартып алганы үчүн айыпталып, 2015-жылы сыртынан соттолгон.