Кыргыз коомчулугуна кеңири таанылган Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы “Смартфон” жана “Whatsapp” сөздөрү келечекте казак тилине которулат деп билдирүү жасады.

Казак блогерлери министрге жардам берүүнү туура көрүшүп, биротоло Facebook’ту «Беткiтап», ал эми Windows’ту «Терезелер» деп которууну сунуштай коюшту. Кээ бирлери болсо Photoshop, CorelDraw жана Instagram’ды дагы которуп салбайлыбы деп какшыктап жатышты.

Блогерлердин сунушу
Блогерлердин сунушу

Эки жыл мурун тилчилер “альпинист”, “балкон” жана “таблетка” деген сөздөрдү казак тилине которгондо элдин нааразычылыгын жараткан эле. “Альпинистти” лингвисттер «асқарпаз», таблетканы «түйме», ал эми «балконду» «қылтима» деп которуп коюшкан.