Коронавирустан сутка ичинде 3 адам каза тапты

Автор -

COVID-19 илдетинен сутка ичинде 3 киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын экөө Бишкек шаарынан, бирөө Ош шаарынан.

Март айынан бери Кыргызстанда оору жуктургандардын жалпы саны 64 миң 360 адамга жетти. Алардын ичинен 55 306 адам айыгып чыкты. 1188 каза тапты.