Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте «Кыргызпочтасы» ишканасынын кызматкерлери нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын негизги талабы айлык маянаны көтөрүү жана ай сайын берилчү сый акыларды калыбына келтирүү.
Аталган ишкананын кызматкерлеринин айтымында, пандемия учурунда ар кандай шылтоолор менен аларга ай сайын төлөнчү сый акы алынып салынган. Алар пандемия учурунда жумуштары солгундабаганын, мурда кандай иштешсе, ошол бойдон иштешкенин айтышты.
«Буга карабай жетекчилик «акча жок» деген шылтоо менен мый акы берүүнү токтотуп койгон. Айлыктарыбыз 2-3 айлап кечиктирилип жатты. Азыркы тапта деле маяналарыбызды толук алып бүтө элекпиз. Мындан сырткары кызматкерлердин санын кыскартуу керек деп жатышат. Башкы директордун 3 орун басары бар. Угушубузга караганда алар 40 миң сомго чейин айлык алышат. Кыскартууну мына ошолордон баштасын, 5-6 миң сом алган жөнөкөй кызматкерлер ансыз да жетишпей жатабыз», — деди ишкананын кызматкерлеринин бири.
Митингчилер коюлган талаптар аткарылбаса, жетекчиликтин отставкасын талап кылышарын билдиришти.






























