12-16-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Автор -
324

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 12-16-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы ыктымал.

12-ноябрда күндүз жана 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.  Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

13-16-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…+1°, күндүз 0…5° жылуу болот.

Тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2°…+3, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6°, чыгышында -4…-9° суук, күндүз -2°…+3°болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -7…-12° суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.