Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 527 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
- Бишкек — 108
- Ош — 51
- Чүй облусу – 97
- Ош облусу — 36
- Талас облусу — 15
- Нарын облусу — 7
- Ысык-Көл облусу – 59
- Жалал-Абад облусу – 105
- Баткен облусу — 49
Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 64 миң 887 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 55 824 адам айыгып чыкты. 1193 адам каза тапты.