Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин жетти. Жабыркагандар катталган жок.
Жердин титиреши 29-майда саат 21:59да байкалды. Анын очогу Алай районунун (Ош облусу) Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышты көздөй 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Эл жашаган конуштарда жердин силкинүүсү 3 баллды түздү.