Алмаз Алимбеков «Кыргызалтын» ишканасынын төрагалыгынан кетти

Автор -

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алимбеков бул компанияны 2015-жылдын апрелинен бери жетектеп келген. Анын ордуна депутат Акылбек Жапаровдун мурунку коомдук жардамчысы Элмырза Укубаев дайындалары тууралуу сөздөр айтылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин «Кыргызалтын» ишканасынын айрым кызматкерлери Бишкекте Алмаз Алимбековго каршы митинг өткөрүшкөн. Алар Алимбеков башкарган учурда ишканада эч кандай жылыш болбогонун айтып, иштен кетирүүнү талап кылышкан.

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому нааразы тараптын билдирүүлөрүн куру доомат катары баалап, нааразылык билдирип чыккандардын бир тобу акциядан кийин «бул циркке» мындан ары катышууну каалабай турганын айтканын жарыялаган.