Быйыл 9 айда Бишкектин бюджетине 700 млн сом түшпөй калды. Бул тууралуу шаар мэриясынын жыйынында вице-мэр Алмаз Бакетаев билдирди.
Жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча штабдын отуруму болуп, анда шаардын январь-ноябрь айларындагы бюджетинин кирешесинин аткарылышы каралган.
Быйыл 9 айда шаардын бюджетинин кирешеси 6,9 млрд сомду түзүп, белгиленген план 91,3%га аткарылган. Башкача айтканда шаар бюджетине 700 млн сом түшпөй калган.
2020-жылдын 1-октябрына карата Бишкектин салык боюнча карызы 813,7 млн сом.
Биринчи вице-мэр алмаз Бакетаев төрт райондун салык башчыларына салык карыздарын кыскартууну тапшырды.