Пара алуу фактысы менен кармалган Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев үй камагына чыгарылды, деп жазат 24.kg.
Маалымат агенттигинин билдиришинче, мында чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган. Андан тышкары сот райондун прокурорунун орун басары Акылбек Мойдуновду дагы үй камагына кое берүүнү чечкен.
Эске сала кетсек, Коопсуздук комитети 12-ноябрда Аламүдүн райондук прокуратурасындагы «системалуу коррупция» боюнча аталган мекеменин жетекчилиги кармалганын, тергөө жүрүп баштаганын кабарлаган.
Социал-демократтар тараткан маалыматка караганда, Эдил Стакеев Кой-Таш окуясы боюнча иште прокурорлук кылат.