Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 1 медкызматкер кызыл зонада жуктурган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
— Баткен облусунда – 3;
— Бишкек ш. – 1;
— Ысык-Көл облусунда – 8;
— Жалал-Абад облусунда – 2 (кызыл зонадан 1).
Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3764 учур катталды, алардын ичинен 3514 медкызматкер сакайды.