Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Константин Куценкону аким кылып дайындаганы үчүн элден кечирим сурады. Бул туурасында ал өзү соцтармактагы баракчасына жазды.
Эске сала кетсек, Куценко кечээ күнү кармалган. Финполдун маалыматына ылайык, ал кытайлык B.L.S. курулуш компаниясын жана «Даймонд Сити» элиталык турак жай комплексин рейдерлик жол менен басып алуу ишинде айыпталып жатат. Буга чейин мекеме Куценко сот мамлекеттин эсебине өткөрүү чечимин чыгарган жер тилкесин мыйзамсыз түрдө камактан чыгарып, ээсин алмаштыруу ишине айыпталып кармалганын маалымдаган.
«Октябрь районунун акими Куценкону текшербей кызматка алганым үчүн кечирим сурайм. Ниетибиз түз, оюбузда жамандык жок эле. Бирок ал киши да бизге эч нерсе айткан эмес. Мындан ары абайлап, сак болобуз», — деп жазат мэрдин милдетин аткаруучу.