Нарында жаш балдар ок атышып, бир жаран жабыркады

Автор -
391

Нарын шаарындагы ресторандын жанында ок атышуу болуп, бир адам жабыркады.  Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү саат 18:20 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына чалуу болуп, шаардын Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан «Корона» ресторанынын алдындагы ок атышуу тууралуу кабарланган. Чалган адам бир жаран ок жеп, ооруканага түшкөнүн билдирген.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБинде каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда Нарын шаарынын тургуну 23 жаштагы тургуну К.А. жана 21 жаштагы Т.Э. уруша кетишип, Т.Э. жанындагы ок атуучу куралды алып чыгып, бир жолу атканда, ок көчөдө турган башка жарандын оң бутуна тийгени маалым болгон.

Куралчан бала К.А.ны туштай дагы ок чыгарганы жатканда, ал колунан кармап тоскоолдук кылып, натыйжада ок анын курткасын тешип өтүп кеткен.

Ал эми жабырлануучу М.Д. ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан унаа менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуяны Нарын ШИИБи «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Азыркы учурда шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо иш чарасы жүргүзүлүүдө. Милиция жогорудагы жарандардын уюшкан кылмыштуу топко тиешеси жок экенин билдирет.