Орус тили Кыргызстандын расмий тили бойдон калат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин «Конституциялык түзүлүштүн негиздери» секциясынын жетекчиси Урмат Аманалиев билдирди.
Анын айтымында, ар кандай сунуштардан кийин Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү кыргыз тилин мамлекеттик, орус тилин өлкөнүн расмий тили катары калтыруу чечимин кабыл алышты.
Буга чейин Конституциялык кеңешменин жыйынында орус тилин расмий макамынан ажыратуу тууралуу сунуш болгон. Бул коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан.
Ошондой эле өлкөнүн расмий аталышы өзгөрүүсүз калганы белгилүү болду.Буга чейин Кыргыз Республикасы дегендин ордуна Кыргыз Элдик Республикасы деп атоо сунушу берилген. Андан сырткары, жаңы Баш мыйзамга «Кыргызстан эли» деген терминдин ордуна «Кыргыз Республикасынын эли» деген термин киргизилет.