Ноябрь айында 320 окуучудан коронавирус аныкталды

Автор -
@Reuters

Ноябрь айында 320 окуучудан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, эң көп учур Бишкек шаарына туш келет:
— Бишкек — 143
— Баткен — 32
— Ош — 4
— Ош облусу — 9
— Жалал-Абад облусу — 31
— Талас облусу — 8
— Ысык-Көл облусу — 39
— Нарын облусу — 0
— Чүй облусу — 54.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 1-декабрындагы маалыматы боюнча, акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус (U07,1 жана U07,2) учурлары катталган.

Салыштыруу үчүн, сентябрь айында республикада 48, октябрда — 315, ноябрда — 320 учур катталган. Бишкекте октябрь айында 83 учур катталган.