Өгөй атасы сабаган баладан апасы баш тарткан жок

Автор -

Өгөй атасы сабады деген баланын энеси уулунан баш тарткан эмес. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бала жана үй-бүлөгө социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Мира Шарапова билдирди, деп жазат Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги.

Буга чейин айрым ЖМКлар жактоочу Шердор Абдыкапаровдун сөзүнө таянып, өгөй атасынын колунан запкы жеген баладан энеси баш тартып койгонун жазып чыгышкан. Анда жеткинчекке расмий түрдө таенеси камкорчу болору айтылган.

Шарапованын айтымында, баланын энеси уулун өзүнүн апасына убактылуу карап турууга гана берген.

«Энеси уулунан баш тарткан эмес. Болгону убактылуу карап турсун деп гана апасына берген. Өзү мурда иштеп жүргөндө баласын апасы карашчу экен. Жеткинчек таенесинин колунда чоңоюп калгандыктан Ат-Башыга жиберген. Учурда алар менен министрликтин райондогу башкармалыгынын кызматкерлери иштешип, көзөмөлгө алышкан», — деди Шарапова.

Эске салсак, буга чейин Сокулук районунда өгөй атасы сабаган алты жаштагы баланын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Маалыматты жеткинчектин апасы тараткан. Андан соң эркек кишини милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок баланын апасы кош бойлуу экенин айтып, кайра тосмо арыз жазып, жолдошун чыгарып коюуну суранган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова тосмо арызга карабастан министрлик баланын өгөй атасы менен соттошорун белгилеген.

Кийинчерээк сот шектүүнү эки айга өлкөдөн чыгарбоо чечимин кабыл алган.